13-14 саат тик туруп иштейм. Келечектеги эне болушума зыяны тийбейби?
Бойдокмун, жашым жыйырмада. Москва шаарында эмгектенемин. Жумушум оор, 13-14 сааттан тик туруп иштейм. Оң бутумдун саны көгөрүп, тарамышы тартылып жатат. Бул нерсенин келечектеги эне болушума зыяны жокбу? Чоң рахмат!
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Көп убакытка тик туруп иштөө ден соолукка коркунуч туудурат. Денеңизге кан жүгүртүп туруңуз. Ары-бери басып, отуруп-туруп, эс алууга убакыт таап, кыймылдап турушуңуз керек.
13-14 саат тик туруп иштөө варикоздун пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Ден соолукка башка коркунуч туудурбаса эле, келечектеги эне болушуңузга (женский жака) зыяны тийбейт.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.