"Балага сүйүнчү" жөлөкпулун ЗАГСы жок жарандар алалбы?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз никебизди расмий түрдө каттай элекпиз. Жакында балалуу болдук. "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун ЗАГСы жок жарандар алалбы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Бир жолу берилүүчү "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун паспорт жана баланын күбөлүгү менен алсаңыз болот. Бала төрөлгөндөн кийин алты ай өткөрбөстөн, өзүңүзгө жакын жайгашкан ЖААК органдарына же ЖТБга (ЗАГС, ЦОН) кайрылыңыз. Каттооңуз Ош шаарында болсо дагы, факт жүзүндө жашаган жериңизден ала бересиз.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.