// //

Тигүү машинасын тандоо үчүн 4 кадам

2021.08.26, 11:35
1303

Салам окурман! Бүгүн күнүмдүк тигүүчү машинаны (бытовая швейная машинка) кантин тандаса болоору тууралуу төрт кадам менен бөлүшөм. 

Өзүм тигичүүлүккө кызыккандыктан бир ай мурун тигүү машинасын сатып алгам. Тикток каналымдагы көрөрмандардан көп суроолор келип түшкөндүгү үчүн видео влог даярдоону туура көрдүм.

Биринчи

Тигүү машинасын тандоодо өзүңүзгө бул суроолорду бериңиз. Эмне үчүн керек? Бул машина менен эмнелерди тигем? Кандай тигиштер керек? Канча бюджет бөлө алам? 

Мен мисалы жука көйнөктөр, үй кийимдери жана ич кийимдерин тигүү максатында алгам. Бюджетим 20 000 сомго чейин болчу. 

Экинчи

Ютубдан обзорлорду көрүп, тигүү машиналарын салыштырып көрүңүз. Билгендерден сураштырыңыз.

Үчүнчүдөн

Мындай машиналар Бишкектин каеринде сатылат, каякта канча сом, деп анализ жүргүзүңүз. 

Төртүнчүдөн

Баасы канааттандырган дүкөнгө барып сатуучу менен кеңешиңиз. Сураңыз, кармап көрүңүз, тигип көрүңүз. Машинанын эки жагын караңыз, байкаңыз. 

Айта кетчү нерсе жаныңызга кийин тиге турган материалдарды салып алыңыз.

Мына, ушул кадамдар менен өзүңүздү купулуңузга толгон тигүү машинасын тандай аласыз.  Гарантия талонун жаздырганды унутпаңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт