Тигүү машинасын тандоо үчүн 4 кадам
Салам окурман! Бүгүн күнүмдүк тигүүчү машинаны (бытовая швейная машинка) кантин тандаса болоору тууралуу төрт кадам менен бөлүшөм.
Өзүм тигичүүлүккө кызыккандыктан бир ай мурун тигүү машинасын сатып алгам. Тикток каналымдагы көрөрмандардан көп суроолор келип түшкөндүгү үчүн видео влог даярдоону туура көрдүм.
Биринчи
Тигүү машинасын тандоодо өзүңүзгө бул суроолорду бериңиз. Эмне үчүн керек? Бул машина менен эмнелерди тигем? Кандай тигиштер керек? Канча бюджет бөлө алам?
Мен мисалы жука көйнөктөр, үй кийимдери жана ич кийимдерин тигүү максатында алгам. Бюджетим 20 000 сомго чейин болчу.
Экинчи
Ютубдан обзорлорду көрүп, тигүү машиналарын салыштырып көрүңүз. Билгендерден сураштырыңыз.
Үчүнчүдөн
Мындай машиналар Бишкектин каеринде сатылат, каякта канча сом, деп анализ жүргүзүңүз.
Төртүнчүдөн
Баасы канааттандырган дүкөнгө барып сатуучу менен кеңешиңиз. Сураңыз, кармап көрүңүз, тигип көрүңүз. Машинанын эки жагын караңыз, байкаңыз.
Айта кетчү нерсе жаныңызга кийин тиге турган материалдарды салып алыңыз.
Мына, ушул кадамдар менен өзүңүздү купулуңузга толгон тигүү машинасын тандай аласыз. Гарантия талонун жаздырганды унутпаңыз.