Жигитим чет өлкөлүк. Кыргызстан ЗАГС алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
2021.08.25, 11:12
1694
Саламатсызбы! Чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгып жатам. Экөөбүз тең Кыргызстанда турабыз. Жумушубуз бул жакта. ЗАГС алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.08.2021, 11:13
Дария Райымкулова
Бишкек шаарынын Бакыт өргөсүнүн башчысы
Саламатсызбы! Эгер жубайлардын бирөөсү чет өлкөнүн жараны болсо, ал өзүнүн мамлекетинде башка никеге катталбагандыгы тууралуу маалымкатты алып келип берүүгө тийиш. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн айтулуу маалымкат легализациясыз кабыл алынат. Ал эми башка мамлекеттин жараны маалымкатына апостиль койдурууга тийиш. Апостиль жок болсо легализациядан өтүшү керек.
0
Пайдалуу жооп