Простатитти массаж менен дарылайм дегендерге ишенсе болобу?
2021.08.24, 12:54
1404
Саламатсызбы! Простатитти массаж менен дарылайм дегендерге ишенсе болобу? Деги эле простатитте массаж жасалабы? Анын жардамы барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.08.2021, 13:05
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Саламатсызбы! Простатитти массаж менен дарылоо ыкмасын өнүккөн өлкөлөр көп колдонбойт. Бирок, айрым учурларда, айталы, простатада "застой" болуп калганда массаж жасоого туура келет. Бирок, дарыгердин көрсөтмөсү менен гана, эч качан өз билемдик кылбаш керек. Жалпысынан, 100 пайыз жасаш керек же жасабаш керек деп айтуу мүмкүн эмес, баары простатиттин түрүнөн көз каранды. Простатитти бир гана массаж менен дарылоо мүмкүн эмес экенин эскерте кетейин. Дарыгерге баргыла.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп