Баламан баш тарсам дагы алимент төлөй беремби?
2021.08.23, 13:19
1211
Саламатсызбы! Мен аталык укуктан бошотулуп, тактап айтканда баламан баш тартайын дедим эле. Бирок, аялым баары бир алимент төлөй турганымды айтты. Бул чынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.08.2021, 13:21
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Аталык укуктан ажыратылган адам, алименттен бошотулбайт. Демек, сиз алимент төлөөгө милдеттүү болосуз. Анткени, КРнын Үй-бүлө кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүгүндө “Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт” деп көрсөтүлгөн.
0
Пайдалуу жооп