// //

Кыз бала цемент ташып иш кылса "женский" жагына зыян болобу?

2021.08.23, 09:31
998

Саламатсызбы! Менин суроому кабыл аласыз деген үмүттөмүн. Кыз бала оор иш кылса, "женский" жака кандай зыян жактары бар? Мисалы, цементке байланыштуу кара жумуштар сыяктуу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.08.2021, 09:40

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Аялдарга цемент менен иштөө сыяктуу оор жумуштарды жасоо сунушталбайт. Анткени алар чоң кесепеттерге алып келет. Ички органдары ылдый түшүп кетиши мүмкүн: бөйрөк, жатын ж.б. Ошо сыяктуу эле, оордукту көтөрүү буттардын жана кичине жамбаштын варикозуна чалдыктырат. Омурткага чоң жүк түшөт: грыжалар, чыгып кетүүлөр ж.б пайда болот. Эң негизгиси айымдар кош бойлуулукту дагы унутпашы керек, анткени баланы өз айына жеткирип көтөрүү денеге чоң жүк болуп саналат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт