Кыз бала цемент ташып иш кылса "женский" жагына зыян болобу?
Саламатсызбы! Менин суроому кабыл аласыз деген үмүттөмүн. Кыз бала оор иш кылса, "женский" жака кандай зыян жактары бар? Мисалы, цементке байланыштуу кара жумуштар сыяктуу.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Аялдарга цемент менен иштөө сыяктуу оор жумуштарды жасоо сунушталбайт. Анткени алар чоң кесепеттерге алып келет. Ички органдары ылдый түшүп кетиши мүмкүн: бөйрөк, жатын ж.б. Ошо сыяктуу эле, оордукту көтөрүү буттардын жана кичине жамбаштын варикозуна чалдыктырат. Омурткага чоң жүк түшөт: грыжалар, чыгып кетүүлөр ж.б пайда болот. Эң негизгиси айымдар кош бойлуулукту дагы унутпашы керек, анткени баланы өз айына жеткирип көтөрүү денеге чоң жүк болуп саналат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.