Жатынында миомасы бар кыздар кийин төрөй албай калбайбы?
Саламатсызбы! Доплерден жатын миомасы деп чыкты, 13*20 см экен. Мен кызмын. Аны кантип дарыласа болот? Гормондук дарыларды ичпей дарыласа болобу? Эмне ичиш керек, кантип жок кылам? Төрөбөй калбаймбы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы!
Тилекке каршы төрөй элек кыз-келиндер деле миома, эндометриоз оорусуна чалдыгат. Бул кыздын жыныстык жашоосунун бар жогуна карабайт.
Сиздин миомаңыз орточо өлчөмдө. Бул өлчөм менен төрөсөңүз болот. Муну менен чындыкты кечиктирүүгө болбойт. Тилекке каршы муну таблетка жана укол менен дарылоо мүмкүн эмес. Миоматоз түйүндү көзөмөлдөп, керек болсо гормоналдык каражаттарды жана консервативдүү миомэктомияны колдонуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.