// //

Интернет мошенниктерден коргонуунун жолдорун банк адиси айтып берет

2021.08.20, 16:50
1523

"Айыл Банк"  төлөм карттары менен банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууну суранат.  

Банк бул нерселерди аткарууну катуу өтүнөт:

  • акча которууну же кандайдыр бир буюмду алуу үчүн жөнөтүүчү жиберген шилтемелерди ачпаңыз
  • эгер кандайдыр бир сайтка киргиңиз келсе, анын дарегин издөө функциясына өзүңүз киргизиңиз, бирөөлөр жиберген шилтемени ачпаңыз
  • бир нерсе сатып алууну пландап жаткан интернет -сайттардын даректери туура экенин тактаңыз, анткени ага окшош даректер мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн
  • эч качан картанын жеке маалыматын көрсөтпөңүз (картанын номери, жарактуулук мөөнөтү, CVV). Жеке маалыматтарыңызга жоопкерчилик менен мамиле кылыңыз, шылуундар аларды колдонуп, картаңыздан акча ала алышат
  • чалуулар аркылуу карта менен эч кандай операцияларды жасабаңыз
  • SMS билдирүүлөрү аркылуу алынган маалыматты бирөөлөргө, атүгүл банк кызматкерлерине дагы айтпаңыз
  • банктан чалып жатабыз деп, бирөөлөр сизге акча которгонун же эсебиңизге кол салганын айтышса дароо ишенбеңиз. Алгач маалыматты тактоо үчүн банктын call-борборуна өзүңүз чалыңыз, анын номери картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн.

Эсиңизде болсун, банк кызматкерлери эч качан телефон аркылуу же интернет -банкингден картанын маалыматын, логинин жана паролун сурашпайт.

Сак болуңуз! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт