// //

Энелердин кош бойлуу жана төрөт учурундагы өлүмүнүн себептери

2021.08.20, 11:00
1766

"Үй-бүлөнү пландоо альянсынын" жетекчиси, дарыгер-гинеколог Бактыгүл Бозгорпоева энелердин өлүмүнө байланыштуу себептер тууралуу кененирээк айтып берди.  

Энелердин өлүмү – бул түйүлдүк пайда болгондон баштап, төрөттөн кийин 40 күндүн ичинде аялдын көз жумушу. Бул кокустан пайда болгон жагдай эмес. Бойго бүткөнгө чейин жана кийин эненин ден соолугунда кандайдыр бир коопсуздук белгилер жаралып, аны убагында көрбөй, дарылабай, өтүштүрүп жибергендин жыйынтыгы. Себептери абдан көп, так бул деп айтуу мүмкүн эмес. Мен бүгүн айрымдарына мисал келтире кетейин.

  1. Жүрөк оорулары. Дарыгерлер “сизге төрөгөнгө болбойт” деп эскертүү бергендерине карабастан, көбүнчө айымдарыбыз тил албай, бейтапканага барбай, каттоого турбай коюшат. Анан төрөт учурунда көз жумушат. Кыргызстанда, мындай экстрагениталдык оорулардын себебинан каза болгон аялдар биринчи орунда турат. Андыктан, дарыгердин айткандарын угуу керек.
  2. Сепсис. Төрөгөндөн кийин септикалык таталдашуу болуп, күчөп кетти дейли. Бул учурда дагы эне туура дарыланбай, дарыгерге убагында кайрылбай же өз алдынча дарылоого аракет кылса, аягы жакшы бүтпөйт. Мисалы, бизде аял төрөтканадан чыгары менен эле конок тосуп, жумушка киришет. Суукка урунат, ден соолугуна коркунуч туудурат. Төрөттөн кийин организмине калыпка келүү мүмкүнчүлүгүн бербейт. Анан таталдашуулар болуп, оорулары өтүшүп кетет.
  3. Кансыроо. Төрөт учурунда жана кийин кан көп кетип, аны токтотуу дарыгерлердин колунан келбей калат. Бизде аялдарда кан аздуулук аябай көп. 35-40 гемобглибин менен жүргөн кош бойлуу айымдар бар. “Каныңар аз экен”, “кое тургула”, “төрөттүн ортосундагы аралыкты сактагыла” дегендерибизди укпайт. Эң төмөнкү гемолобин менен төрөткө келип, кансырап өлүмгө дуушар болушат.
  4. Зордук-зомубулук. Акыркы беш жыл ичинде, бештен ашык эне кош бойлуу кезинде күйөөсүнөн токмок жеп, кан көп кетип каза болуп калышты. Бул абдан өкүндүргөн жагдай.
  5. Саламаттык сактоонун жетиштүү каржыланбагандыгы. Төрөт учурунда аялга жардам берүү боюнча шарттардын, заманбап медициналык жабдуулардын жоктугу жана облустук жана райондук деңгээлдерде квалификацияланган акушер-гинекологдордун жетишсиздиги кырдаалды ого бетер начарлатат. Мисалы, кансыроо башталганда айылдан шаарга барганга унаа жок болуп, убагында жардам алалбай көз жумган энелер бар.
  6. Чөйрө жана тамактануу. Энелер ден соолугуна жакшылап көңүл буруулары керек. Туура тамактануу, балага керектүү виатминдерди ичүү, таза абада сейилдөө, стресстен алыс болуу эң жөнөкөй мисалдар. Бизде кандай, аба жетпеген, күн нуру тийбеген цехтерде иштеген кош бойлуулар көп. Убагында баары жакшы деп ден соолугуна көңүл бурушпайт. Дарыгер жазып берген элементардуу фолиевая кислатаны ичишпейт. Азыр тамак-аштын сапатын билесиңер, кошумча витамин ичпесе болбойт. Энелердин мындай нерселерге кол шилтеп койгону өкүндүрөт.
  7. Жаш курак. Эң жакшысы 18-35 жашка чейин эне болуу керек деп айтабыз. Бул куракта айымдан организми жаш, күчтүү, физикалык жактан ден соолугу таза болот. Үй-бүлөнү пландаштыруу десе эле, экини же үчтү эле төрөгүлө деп жатасыңар түшүнүшөт. Үй-бүлөнү пландаштыруу бул алдын ала витаминдерди ичип, төрөттөр ортосундагы интервалды сактоо. Удаасынан бала төрөө эненин жана баланын ден соолугу үчүн кооптуу. Бирок, бул нерсени дагы көбү түшүнө бербейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт