УЗИден боюмда бар болуп чыкты, бирок жатыныма түшө элек экен. Качан түшөт?
Саламатсызбы! УЗИге түшсөм боюңда бар, бирок жатынга түшө элек деп айтышты. Канча күндөн кийин жатынга түшөт?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Сиздикиндей көрүнүш, айрым учурларда боло берет. Тест менен кандын анализи кош бойлуулукту көрсөтөт, бирок УЗИден көрүнбөйт.
15 күндө жатынга түшүшү керек эле. Сизде жатындан сырткары (внематочная) бойго бүтуп калуу коркунучу бар. Мындайда түйүлдүк жумурткасы жатынга түшпөй калып калат.
Тилекке каршы, оперативдик кийлигишүү менен кош бойлуулукту токтотууга туура келет. Бул процедура канчалык эрте жасалса, жатын түтүгүн (трубаны) айрылып кетүүдөн сактап калуу шансы ошончолук жогору болот.
Мен сизге ден соолук каалайм!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.