Атам менен апамдын паспортунун көчүрмөсү менен паспорт алаламбы?
2021.08.17, 14:25
947
Саламатсызбы! Менин ата-энем Россияда. Паспорт алыш үчүн алардын дагы паспорту керек экен. Эгер алар мага паспортунун көчүрмөсүн салып жиберсе, ошону менне алсам болобу? Азыр алар келе албай жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.08.2021, 14:26
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Сөзсүз түрдө ата-энесинин паспорту керек. Андан тышкары, ата-энесинин никелешүү тууралуу күбөлүгү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү зарыл болот. Кошумча суроолор боюнча 119 номери аркылуу тактап алыңыз, чалуу акысыз. Белгилей кетсек, 16 жаштан паспорт алыш керек. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп