Шаардан жөлөкпул алалбайсың деп жатышат. Бул чынбы?
Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын, айылда турабыз, бир балабыз бар. Учётубузду айылдан шаарга койгон элек. Мурда каттообуз айылда эле, балама жөлөкпул алат элек, азыр шаарда. Бирок туруктуу жашообуз айылда. Айылда туруп жөлөкпулга документ тапшырсам болобу? Же шаарга барышым керекпи? Шаардан көпчүлүк алалбайсың дешти.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Кайсы жерде жашасаңыз, ошол жакта жайгашкан каалаган райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрыла бериңиз. Айылда турсаңыз, шаарга баруунун кажети жок.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.