17 жашка чыгайын деп калдым, этек кирим келе элек. Эмне кылсам болот?
2021.08.16, 09:46
1358
Саламатсызбы! 17 жашка чыгайын деп калдым. Этек кирим бир дагы жолу келе элек. Өзүм айылда турам. Эмне кылсам болот? Келип калабы жана канча күтүшүм керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.08.2021, 09:47
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Сизде жыныстык жетилүү кечигип жатыптыр. Бул белгилер тезинен адиске кайрылуу керек экенин айтып турат. Гинекологдун кабыл алуусуна апаңыз менен чогуу барууну унутпаңыз, анткени адис сизге эмес, ага көбүрөөк суроолорду берет. Ошондой эле, канчалык олуттуу экендигин аныктоо үчүн кичи жамбаштын жана гормондордун УЗИсин жасоо керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп