24 жаштагы жигит гидроцеле болуп ооруп калса коркунучтуу эмеспи?
2021.08.13, 10:08
1017
Саламатсызбы! Мен 24 жаштагы жигитмин. Жакында эле УЗИге түшсөм гидроцеле деген диагноз коюшту. Эмне кылсам болот? Бул коркунучтуу эмесмин.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2021, 11:17
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы! Гиидроцеле – бул калтада же урук каналында ашыкча суюктуктун чогулуп калышы. Чоң кишилерде адатта 20-30 жаш куракта пайда болот. Өзүнөн-өзү гидроцеледе коркунуч деле жок. Бирок кокус бактериалдык инфекция жугузуп алсаңыз тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Эгер мындай диагноз коюлса, анда аны да операция жасатуу керек.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп