Беш айлык балам тез-тез жөтөлө берет. Кандай кылсам токтойт?
Саламатсызбы! Менин кызым 5 айлык болду. Бир айлыгынан бери тез-тез жөтөлө берет, врачтын көрсөтмөсү менен даарыларды да берип көрдүк, бирок толук сакайбай жатат. Жөтөлү айыгат, кайра эки 10-15 күндө кайталана берет. Дагы кандай ыкмаларды жасаса болот?
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Баланын канынын сапатын текшертип көрүү керек. Эч качан балдарга антибиотик бербеш керек. Себеби жөтөл баланын коргонуу реакциясы болуп саналат. Кээ бир бала мурду бүтөлүп оозу менен дем алса, улам-улам жөтөлө бериши мүмкүн. Азыркы учурда мурдун дагы текшерткенге аракет кылыңыз, мурду менен дем алабы же оозубу. Эгер оозу менен дем алса, тез-тез жөтөлүшүнүн, ооруганынын себеби ошондо. Мурдунда көйгөй болсо, ага дары жазып беришет. Жаш баланын мурун көңдөйү ичке, киичнекей болот. Ошондуктан, ымыркайлар мурдунда кичинекей эле бир нерсе туруп калса оозу менен дем алат, анан көп жөтөлөт. Оозун ачып жатканда кургап калат, коргонуу реакциясы башалып, инфекцияны чыгарат. Эгер пневмония же бронхит болсо, тезинен толук текшретиңиз.