// //

Жолдошум улуу кызымды бербей жатат. Кантип алсам болот?

2021.08.13, 09:14
1339

Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын, 2 кыздын апасымын. Турмуш курганыма 4 жыл болду. Азыркы учурда ажырашуу алдында турабыз. Жолдошум улуу кызымды бербейм, сен кет деп жатат. Улуу кызым 3 жашта, кичүүсү 8 ай. Мен эки кызымды тең өзүм алгым келет. Экөөнү тең өзүмө алаламбы? Кантип алимент төлөтө алам, эмне документтер керек? Мен өзүм жогорку окуу жайды бүткөм, бирок азыр иштебей элем. Жолдошум жеке бизнес менен алек. Алдын ала балдарды өзүмө ала турган жана алимент төктүрө турган документ жасата аламбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2021, 09:15

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! КРнын мыйзамдары боюнча ата-эне балдарынын алдында тең укуктуу болуп саналат. Ата-эне өз ара келишип, маселени чечип алса болот. Эгер бир пикирге келе албай жатсаңар, анда балдардын жашоо ордун  белгилеп бериңиз деп сотко кайрыласыңар. Мисалы, улуу кызыңыз атасында калып калгандыктан, сиз арыз менен кайрылып, кыздарыңыз чогуу өсүшүн, атасы келгенде көрсөтүп турарыңызды айтасыз. Сот чечим чыгарарда жашоо шарттарды карап, балдардын кызыкчлыгын,  ким менен жашаса аларга жакшы болорун эске алат. Ал эми бул жерден алимент өндүрүү шарттары менен тааныша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт