Жолдошум улуу кызымды бербей жатат. Кантип алсам болот?
Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын, 2 кыздын апасымын. Турмуш курганыма 4 жыл болду. Азыркы учурда ажырашуу алдында турабыз. Жолдошум улуу кызымды бербейм, сен кет деп жатат. Улуу кызым 3 жашта, кичүүсү 8 ай. Мен эки кызымды тең өзүм алгым келет. Экөөнү тең өзүмө алаламбы? Кантип алимент төлөтө алам, эмне документтер керек? Мен өзүм жогорку окуу жайды бүткөм, бирок азыр иштебей элем. Жолдошум жеке бизнес менен алек. Алдын ала балдарды өзүмө ала турган жана алимент төктүрө турган документ жасата аламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! КРнын мыйзамдары боюнча ата-эне балдарынын алдында тең укуктуу болуп саналат. Ата-эне өз ара келишип, маселени чечип алса болот. Эгер бир пикирге келе албай жатсаңар, анда балдардын жашоо ордун белгилеп бериңиз деп сотко кайрыласыңар. Мисалы, улуу кызыңыз атасында калып калгандыктан, сиз арыз менен кайрылып, кыздарыңыз чогуу өсүшүн, атасы келгенде көрсөтүп турарыңызды айтасыз. Сот чечим чыгарарда жашоо шарттарды карап, балдардын кызыкчлыгын, ким менен жашаса аларга жакшы болорун эске алат. Ал эми бул жерден алимент өндүрүү шарттары менен тааныша аласыз.