Беш айлык балам 4-5 күндө бир чычат. Бул нормалдуубу?
Менин үчүнчү балам 5 айлык, ден соолугу чың баары жакшы төрөлдү, бирок бир көйгөй болуп атат. Төрөлгөнүнө 15 күн болгондон кийин эле күнүнө бир жолу чычып калган. Ошентип 2-3 күндө бир чычып отуруп, азыр 4 же 5 күндө бир чычат. Кээде 3 күндө богу чайырдай болуп көтөнүнө жабышып калат, анан да жыты бир башкача сасык. Үч айга чейин ичи көөп "Эспумед" берип жүрдүм. Азыр ичи оорубайт, бирок, осуруп жел чыгарбайт, кээде ыйынып калат ичи каткан баладай. ФАПка барсак кээ бир балдар ошондой деп коюшту, чынында эле ушундай болобу? Бишкеке алып барайын десем азыр ооруга байланыштуу коркуп жатам, шартым да жок, анын үстүнө кимге көрсөтөм билбейм. Эки балам мындай болгон эмес. Жалаң эмчек сүтүм менен багам кошумча тамак бербейм. Педиатрдан кеңеш алып берип коёсуздарбы.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Эгер жагымсыз жыттанган жел чыгар жатса, демек ичегилеринде көйгөй бар. Мисалы, ар бири-биздин ичегибизде эки түрдүү инфекциялар болот: пайдалуу жана пайдасыз. Пайдалуусу организмге кирген тамакты ээритип, сиңирүүгө жардам берет. Кээде ушул көбүрөөк болуп кетсе пайдасыз боло баштайт: ичти көбүртөт, осуртат, ичти катыртат. Бул жерде сиз баланын заңын анализге алып барасыз. Райондук поликлиникаларга, жакшысы санэпидемиястанцияга тапшырсаңыз, ал жактан заңынын курамындагы заттарды аныктап беришет. Ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт.