// //

Баланы бала бакчага ыйлатпай алып баруунун жолдору

2021.08.11, 15:21
1207

Bilesinib.kg психолог Виктория Исаковага кайрылып, баланы бакчага көндүрүү үчүн эмне кылуу керек деген суроого жооп алды. 

Балдар бакчасына адаптация болуу мезгили ар бир баланыкы индивидуалдуу болуп бири-биринен айырмаланып турат. Айрым балдар 1-2 жумада эле көнүп кетсе, башкаларынын көнүшүү убактысы бир нече айга созулат.

Эгер сиз тарбиячыга ишенсеңиз, ал тууралуу башка ата-энелердин пикири жакшы болсо, баланы алып кетип жаткан учурда кызыңыздын маанайы жакшы болсо, анда сарысанаа болуунун зарылчылыгы жок. Болгону  бир аз чыдамдураак болгонго аракет кылыңыз.

Бала сиздин жардамыңызга жана колдооңузга муктаж. Бакчага көндүрүү үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонуп көрүңүз:

  1. Баланы убагында жаткыргыла, 21.00дон кеч эмес.
  2. Бакчага баратып, бала менен сүйлөшүп, бакчада аны күткөн балдар, кызыктуу окуялар жана оюндар тууралуу айтып бериңиз.
  3. Бакчага калтырып жатканда көпкө кармалбай тезирээк кетип калганга аракет кылыңыз, кете албай эзилип турганыңыз баланын долуланып “истерика” салышына шарт түзөт.
  4. Бала өзүнүн жакшы көргөн оюнчугун бакчага алып алсын. Жолдон таттуу алып бериңиз. Кыскасы, сиз тараптан мүмкүн болушунча көбүрөөк позитив болсун.

Эгер бала түрдүү невроздорго дуушар болбосо жана невропатологдун терс көрсөтмөлөрү жок болсо, жогоруда айтылган кеңештер жардам берет. Болгону убакыт жана чыдам керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт