УЗИге түшсөм жатыным ийилип турарын айтышты. Эми эмне болот?
Саламатсызбы! УЗИге түшсөм жатыным ийилип турганын айтышты. Дарыгер бары жакшы деп койду. Бирок, мен болгону 21 жаштамын. Эми кийинки жашоо эмне болот? Балалуу боло аламбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул анатомиялык өзгөчөлүк. Көпчүлүк аялдарда жатын алдыга, табарсыкты көздөй ийилип турат. Айрымдардыкы артка, жоон ичегиге карап турат. Бул патология эмес, бирок жыныстык жашоодо ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Терең киргенде оорутат же дискомфорт алып келет. Мындайда өнөктөшүнүз менен бирге экөөңөргө тең ылайык келген поза тандоо зарыл.
Ал эми кош бойлуулукка жана төрөткө эч кандай тоскоолдук жаратпайт.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.