Алимент өндүрүп алуу үчүн сотко акча бериш керекпи?
Саламатсызбы! Бир суроом бар эле. Жолдошум менен ажырашып кеткем. Бир уулум бар, 1 жаш 3 айлык. Алиментке бергени сотко бардым. Бала 3 жашка чыкканга чейин өзүңө дагы алимент өндүрсөң болот дешти. Кызматы 5000 сом болот экен. 3 жашка чейин баланы багып жатат деп апасына дагы төлөтүш сотко акча бериш керекпи?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча сотко талап коюп жаткан тарап мамлекеттик алым төлөөдөн боштулган. Ошондуктан, сотко же мамлекеттик алым төлөм деп ойлонбоңуз. Өзүңүз эле доо арызыңыз менен кайрыла бериңиз. Юрист же жактоочу көрсөткөң кызматына акча сурап жатса керек. Негизи сотко же мамлекетке алимент өндүрүү боюнча кайрылып жаткан адам алым төлөбөйт.