Жалгыз бой эне алимент өндүрө албайбы?
Саламатсызбы! Алимент тууралуу сурайын дедим эле. Алимент өндүрөйүн десем жалгыз бой энелерге төлөнбөйт дешти. Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деген графада күйөөмдүн аты-жөнү жазылбаптыр. Ал үчүн апасынын атын жазып, атасынын фамилиясына өткөрүш экен. Эки жолу барсам өткөрбөй жатышат. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрыласыз. Эгер жолдошуңуз башка шаарда же райондо жашаса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко кайрыла бересиз. Эгер маселе сиздин пайдаңызга чечиле турган болсо, алимент сотко арыз таштаган күнүнөн баштап эсептелет. Сот аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө доо арызыңызды канааттандырганда, доо арызды алып ЗАГСка барасыз. ЗАГС балага башка күбөлүк жазып берет, тактап айтканда, атасы деген графада күйөөңүздүн аты-жөнү жазылган күбөлүк. Ошондой эле, сот аткаруу барагын чыгарып берет, сиз ал баракка баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кошуп сот аткаруучуга тапшырасыз. Андан кийин сот аткаруучу алимент өндүрүү ишин баштайт.