Архитектордун уруксаты жок дүкөн салсак, кийин буздуруп салабы?
2021.08.10, 10:53
1001
Саламатсызбы! Айылда эски магазиндин ордуна жаңы магазин салып жатканбыз. Архитектор уруксат бербей жатат. Өкмөттүн токтому бар. Сала берсек кийин буздуртуп салбайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.08.2021, 11:02
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Архитектуранын уруксаты жок салганга болбойт. Тиешелүү документтерди топтоп, бардык жактан уруксат кагаздарды алышыңар керек. Уруксат кагаздары жок болсо, мамлекет кийин сот аркылуу буздуруп салууга укугу бар.
0
Пайдалуу жооп