Кайын эжем мага көл көтөрүп боюман түшүртүп койгон. Сотко берсем болобу?
Саламатсызбы! Жолдошум менен таарынышып кеттик. Кайын эжем башкага үйлөнтөрүн айтып алып чыгып кетти. Бишкекте квартирада турам. Эки балам менде калды. Экөөбүз цех ачканбыз, аны күйөөм иштетип жатат. ЗАГСты кырктырбай туруп, эки балага алимент өндүрсөм болобу? Кайын эжем мага кол көтөрүп төрт жарым айлык баламды боюман түшүрүп койгон. Жолдошум экөөнү сотко берсем болобу? Кайын эжем күйөөмдүн эч нерсеси жок экенин, алимент өндүрө албасымды айтат. Чек кайын атамдын атына жаздырып коюшкан. Азыр аны талашсам алаламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! ЗАГСты кырктырбай туруп алимент өндүрсөңүз болот. Бул үчүн сотко кайрылыңыз. Боюңуздан түшүргөндүгү боюнча фактылар, кагаздар, медициналык документтер барбы? Эгер бар болсо, сиз милиция органдарына арыз менен кайрыласыз. Алар тергөө жүргүзүп, ишти сотко өткөрүп берет. Цех ортоңорду жалпы мүлкү болсо, аны талашып, өзүңүзгө таандык үлүшүн алаласыз. Ал эми чек кайын атаңыздын атында болсо, сиз тарапка чечилбей калышы мүмкүн.