Жумуштан жоголгон телефонду менден көрүп жатышат. Эмне кылам?
2021.08.05, 12:30
1665
Саламатсызбы! Мен кафеде администратор болуп иштечүмүн. Жумушта колдоно турчу телефон жоголгон. Аны менден көрүшүп, коркутуп жатышат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.08.2021, 12:32
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Жумуш берүүчүлөрдүн сизди күнөөлөгөнү туура эмес. Анткени күнөө коюп, жоопко тартуучу алар эмес, атайын мамлекеттик органдар бар. Эгер алар сизди жөн жерден айыптап жатышса, анда КРнын мыйзамдарын сактабай, өз билемдик кылып жатышат деп эсептесек болот. Мындай учурда, сиз өзүңүз үстүлөрүнөн арыз менен милицияга же сотко репутацияңызга же морладык дейбизби, доо кетирип, басынтып жатышканын айтып кайрылсаңыз болот. Өз укугуңузду коргогонду билиңиз!
0
Пайдалуу жооп