// //

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никени каттоо жана башка ЗАГС кызматтарынын баасы

2021.08.04, 16:18
1027

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бланктардын жана кызматтардын наркын билдирет.

Жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн күбөлүктөрдүн бланктарынын баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 54 сом;
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - 13 сом;
  • нике күбөлүгү - 57 сом;
  • ажырашуу тууралуу күбөлүк - 20 сом;
  • аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө күбөлүк - 13 сом;
  • күбөлүктү кайра берүү - 110 сом.

Жарандар күбөлүк бланктары үчүн гана төлөшөт, жарандык абалдын актыларын каттоо бекер жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында эле жаңы төрөлгөн баланы салтанаттуу түрдө каттоо боюнча акысыз кызмат кайра жанданды.

Арыз берүүчүнүн талабы боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө- 1 797 сом;
  • Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө- 822 сом;
  • Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн Бишкек жана Ош шаарларындагы бөлүмдөрүнүн сыртында - 4038 сом;
  • Республиканын регионалдык каттоо бөлүмдөрүндө - 358 сом, ушул эле бөлүмдөрдүн сыртында - 826 сом.

ЗАГСтын шашылыш кызматтарынын баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына
  • түзөтүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү - 600 сом;
  • фамилиясын өзгөртүүнү шашылыш каттоо - 600 сом;
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын
  • актылары боюнча маалыматты шашылыш ырастоо - 170 сом.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертет - кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөө банктардын кассаларында гана жүргүзүлөт!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт