// //

Инстаграм баракчаңызды уурулардын чабуулунан сактап калыңыз

2021.08.04, 16:17
824

Катталуучусу көп жана активдүү инстаграм колдонуучулардын баракчасы уурулардын көзүнө майдай эле көрүнөт. Өздөрүнүн максатын ишке ашыруу үчүн алар баракчага чабуул коюп, эмгегиңизди менчиктештирип алууга шашат. Бул албетте жаман. 

Bilesinbi.kg аккаунтту уурулардын чабуулунан сактап калуучу бир нече ишенимдүү ыкмаларды сунуштайт. 

Алар: 

  • сыр сөздү өзгөртүү боюнча билдирүүлөрдү бөгөттөбөгөн жана сыр сөздү калыбына келтирүүчү шилтемелерди кабыл алган, ишенимдүү почтаңыз болушу керек;
  • Instagram баракчаңызды Facebook менен байланыштыруу; 
  • баракчанын популярдуулугун жогорулатуучу кызматтарды эч качан колдонбоңуз;
  • компьютериңизде вирустардан тазалап туруңуз;
  • эки фактордуу аутентификацияны күйгүзүп алыңыз;
  • баракчаңызды бир гана телефон же ноутбуктан колдонгонго аракет жасаңыз; 
  • сыр сөзүңүз татаал болушу керек. Албетте өзүңүз унутуп калбагандай; 
  • чоочун адамдан келген ар түрлүү шилтемелерди баса бербеңиз; 
  • ар кандай сайттарга инстаграм аккаунт аркылуу кирүүнү токтотуңуз;
  • башка бирөөлөргө (дос, тууган же тааныш ж.б) өз аккаунттуңузду колдонуп турууга уруксат бербеңиз; 

Бул сактык чаралары профилиңизге болгон хакердик чабуулдун жасалышынан сактайт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт