Кош бойлуу сиңдиме "альбендазол" жазып бериптир. Эмне үчүн ал дарыны ичет?
2021.08.03, 15:03
2099
Кош бойлуу сиңдиме дарыгери "альбендазол" таблеткасын жазып бериптир. Ичиндеги балага зыян эмеспи? Сиңдим оорубайт, жөн эле жазып берип коюптур. Ал дарыны эмне үчүн ичүүсү керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2021, 15:08
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Кутман күнүңүз менен! Альбендазол кош бойлуу кезде гельминтозго (мите курт, курт) шектенүү пайда болгондо 2-чейректен баштап дайындалат. Же аял саитардык-гигиеналык жактан жагымсыз жерде жашаса. Мисалы, үйдө таза суу жок болсо, үй-бүлө мүчөлөрү көп болсо, үй жаныбарлары бар болгон ж.б учурларда.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп