Кесареводон кийин мончого түшсө болобу? Дарыгер кеңеш берет
2021.08.03, 11:00
1724
Саламатсызбы! Менин суроомо жооп алып берип коюңузчу. Кесарево болгондон кийин канча убакытта жуунса болот? Баняга түшөберсе болобу? Суу тийсе, ысыкка кирсе эч нерсе болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2021, 11:09
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кесареводон кийинки жиптерди чечкенде жууна берсе болот. Эгер айыгуу процесси жакшы болсо, эрте эле баштоого уруксат. Кесилген жерлер кызыл болуп айыга элек болсо мончого түшүү сунушталбайт. Жок дегенде алгачкы эки жумада мончого баруудан баш тартыңыз.
Кесилген жер айыгып калганда бара баштасаңыз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп