Жатынымды алдырсам бат карып кетемби?
2021.07.31, 12:11
2091
Саламатсызбы! Ден соолугума байланыштуу жакын арада жатынымды алдырам. Силерден сурайын дегеним, эми ден соолугумда кандай өзгөрүүлөр болот? Айрым курбуларым бат карыйсың деп жатышат. Ушул чынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.07.2021, 13:10
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Жатынды алып салгандан кийин аялдын жумуртка бездери соолуй баштайт, бул климактерикалык абалды, карылыкты эртелетиши мүмкүн. Мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн гинеколог-эндокринологго кайрылып, сизге ылайыктап гормон тандасаңыз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп