// //

Эки жаштагы жээнимдин колтугу жыттанат. Ушундай дагы болобу?

2021.07.29, 15:30
1482

Саламатсызбы! Жаш балдардын колтугу дагы тердейби? Кечээ жээнимди эркелетип жатып жыттасам колтугу жагымсыз жыттанып кетти. Эжеме айтсам "жаш балдардын колтугу дагы жыттанмак беле" деп жаман көрүп койду. Жээним эки жашта. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.07.2021, 15:31

Бактыгүл Жанкалиева

Педиатр

Саламатсызбы! Ашыкча салмак менен жабыркаган балдар көп тердейт. Себеби, майдын топтолушунан улам жагымсыз жыт бөлүнүп чыгат. Балким, балаңыздын салмагы өз курагына туура келбейт.

Баланын тердөө активдүүлүгүнө тамактануу адаттары дагы  таасир берет. Туздуу, ачуу, куурулган, майлуу жана углеводго бай азыктарды жегенде тер бездеринин иши активдешип күчөйт.

Азыркы учурда синтетикалык кийимдер ден соолукка терс таасир тийгизип, жагымсыз жыттын бөлүнүп чыгышына шарт түзүүдө. Андыктан, бардык синтетикаларды пахта жана дем алуучу кездемелер менен алмаштырыңыз.

Ошондой эле, балдар бөлмөсүнүн климатын катуу көзөмөлдөп туруңуз. Ал салкын жана нымдуу болушу керек. Сөзсүз дарыгерге, мисалы, балдар эндокринологуна алып барып текшертиңиз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт