Күйөөм сабаганда кетип калгам. Эми балдарымды кантип алсам болот?
Саламатсызбы! Мен жолдошум менен 13 жыл жашадым. З балам бар: 2011, 2013, 1015. Аларды өзүмө антип алсам болот? Жолдошумду оңолот деп күтту, оңолбоду. Ичет, чегет, иштебейт, мас болуп сабайт. Үйүң жок бага албайсың дейт. Бакканга шартым бар. Кайсы жака кайрылсам болот? Балдарым айылда, сабаганда качып келген элем. Канча жолу сабады, каттоого туруп текшерилсем болмок экен.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер сот тартибинде балдардын жашоо орду белгиленген эмес болсо, ата-эне өз ара келишип, маселени чечип алса болот. Эгер бир пикирге келе албай жатсаңар, балдарыңыз жашаган аймактагы КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды коргоо боюнча бөлүмгө кайрылыңыз. Ал жерге башыңыздан өткөң окуяны баяндап арыз жазасыз. Андан кийин кызматкерлер үйүңөргө барып жолдошуңузга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер күйөөңүз көнбөй койсо, анда алар кагаз берет, ал кагазды алып, балдарды жашоо ордун мени менен белгилеп бериңиз деп сотко кайрыласыз. Сот чечим чыгарарда жашоо шарттарды карап, балдар ким менен жашаса аларга жакшы болорун эске алат.