Юрист болоюн десем, тааныштарым жумуш табалбайсың дешти. Бул чынбы?
Саламатсызбы? Менин суроом төмөндөгүчө. Мен абутуриентмин, анан өзүм юрист кесибине абдан кызыгам жана ошол тармакка тапшырдым. Бирок азыркы күндө юрист болом дегендер абдан эле көп деп угуп жатам. Юристтерге жумуш табылышы кыйын дешет. "Тааныш болуш керек табылыш үчүн" деп тааныштарым коркутуп жатат. А бирок мен өз кесибимди сүйгөн так жана туура иштеген адис болгум келет.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы! Эч кимди укпастан, кыялыңызды орундата бериңиз. Себеби эмгек рыногу ар дайым квалификациялуу, компетенттүү юристтерге муктаж деп айта алам. Ооба, тааныштарыңыз айткандай юристтер көп, бирок, өз ишин мыкты билген адистер саналуу гана. Сиз алардын бирөөсү болуп калышыңыз мүмкүн. Баары сизден көз каранды. Окууңузга ийгилик каалайм!