Этек киримдин өлчөмү азайып кеткендиктен балалуу боло албай жатамбы?
2021.07.26, 12:19
1556
Саламатсызбы! Менин 6 жашар кызым бар, дагы балалуу болгум келет. Бирок боюма бүтпөй жатат. Мен кош бойлуу болгондон кийин, айызым бир топ азайып кетти. Кош бойлуу боло албай жаткандыгымдын себеби ушулбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.07.2021, 12:23
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Кыязы, айыздын көлөмүнүн төмөндөшү тукумсуздуктун себеби эмес. Айыздын көлөмүнүн азайышы жана кош бойлуулуктун жоктугу кандайдыр бир фактордун себеби. Аны аныктоо үчүн адиске кайрылышыңыз керек. Сизден сурай турган биринчи суроом төрөт учурунда көп кан жоготуу болду беле жана балаңызды эмизип жатасызбы?
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп