// //

Жарым жыл мурун мени зордуктаган жигитти сотко бере аламбы?

2021.07.23, 15:14
1313

Саламатсызбы! Менин юристке суроом бар. Жарым жыл мурун зордукталгам. Ата-энем, туугандарым, эч ким билбейт. Ал бала армияда, үйлөнүшүн айтсам, "мен кайдан билем, сен азыр эч ким менен жатпай элесиңби" деп ишенбей жатат. Азыр үстүнөн арыз жазсам каралабы? Сот иши жүрөбү?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2021, 15:16

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Албетте, ар бир күнөөлүү адам өз жазасын алышы керек, арыз жазсаңыз болот. Ага кошумча колуңузда далилдер керек болушу керек. Далилдөө үчүн соттук медициналык экспертиза болушу зарыл. Сизде дагы башка кандай далилдер бар, айталы, күбөлөр, үн жазуулар, коркутуп жазган каттары деген сыяктуу. Эч кимге билдирбегениңизди айтыпсыз. Бул маселеде, милиция кызматкерлери сизди чакырат, үйүңүзгө соттон кагаз келет. Мындай иштин билинбей калышы татаал болот. Ошондуктан, бул нерсени жакындарыңызга айтып, алар менен чогуу иш алып барсаңыз, бир тараптан сизге колдоо болот. Окуя болгон аймактагы милицияга арыз менен кайрылыңыз.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт