// //

15 жылдан бери бала көрбөй келем. Эмне кылсам болот?

2021.07.23, 13:50
933

Саламатсызбы! 15 жылдан бери бала көрбөй келем. Бир трубама бала бүтүп аны алып салышты. Ошондо экинчи трубамды ачтырсам болобу? Жол көрсөтүңүзчү, суранам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2021, 14:15

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Көбүнчө, жатын сыртына бүткөн кош бойлуулуктун себеби мурун жыныстык жол менен жуккан инфекцияларда (көбүнчө хламидиоз жана гонорея), алар жатын түтүктөрүнө да таасир этет жана андан кийин тукумсуздукка алып келет. Мындайча айтканда түтүкчөлөр ичкерип,  жатын сыртына бүткөн кош бойлуулуктун коркунучун көбөйтөт. Боюңузга бүтөбү же жокпу, биротоло жооп берүү өтө кыйын, анткени тукумсуздуктун көптөгөн себептери бар жана аны билүү үчүн толук текшерүү керек. Эгерде сизде экинчи түтүкчөңүз дагы өткөргүс түтүк болсо, анда аны калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес, анткени анда өткөн сезгенүүдөн кийин түтүк ичкерип гана эмес, бүтөлүп дагы калат. Көбүнчө түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калышы ЭКОго көрсөткүч болуп саналат. Бул маселени гинеколог менен биргеликте чечүү керек. Албетте, эркекти дагы текшертүү керек экени жөнүндө унутпаңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт