Аялыма циститти мен жугузушум мүмкүнбү? Уролог жооп берет
Саламатсызбы! Жашым 29да, үйлөнгөңүмө 4 жыл болду, балалуу боло албай жатабыз. Врачтарга көрүнсөк аялым таптаза, көйгөй менде экен. Спермамдын тирүүсүнөн өлүгү көп экен. Сурайын дегеним өлүк уруктардын аялыма зыяны барбы? Анткени ал бир ай кошулабыз, анан цистит болуп ооруп калат. Кээде өтө катуу ооруйт. Гинекологго барып дарыланат, кайра бир айдан кийин дагы кайталана берет.
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Алгач, экөөң тең толук текшерүүдөн өтүшүңөр керек. Микробдор аныкталса, жыныстык катнашты токтотуп, дарылангыла. Кайра дагы анализ тапшырып, жыйынтыгы жакшы чыккандан кийин анан кошулуп баштасаңар болот. Сперманын өлүктөрү көп болсо, сөзсүз урологго кайрылып толук дарылануу алышыңыз керек. Дарылануу курсун баштоодон мурун УЗИДен өтүп, анализ тапшырасыз. Бизге келсеңиз, жардам бергенге аракет кылабыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.