Баласынын велосипедин сатып жиберген кайын аганы сотко берсе болобу?
2021.07.19, 12:32
836
Саламатсызбы! Кайын агасы уурдап сатып, ичип, үйгө келип "үйдүн документин бергиле сатам" деп тополоң кыла берет. 10 жылдан бери ушул иш уланууда экен. Араң россияда иштеп баласына велосипед алып берсе, аны да сатып жибериптир. Дагы көп буюмдарды коркутуп саткан: алтын сөйкө, телевизор, жер участогун. Сотко берсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2021, 12:33
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кайын агаңыздын бул кылган иштеринде кылмыштын курамы бар деп эсептейбиз. Ошондуктан, сиз милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. Ал эми, милиция кызматкерлери ишти териштирип, анын кылмышын далилдеген соң, ишти өздөрү сотко жиберишет.
0
Пайдалуу жооп