// //

Байкем биринчи ЗАГСын кырктырбай эле үйлөнө берсе болобу?

2021.07.19, 11:06
827

Саламатсызбы! Менин байкем менен жеңем ажырашып кетти. 8 ай болуп калды. Ортодо 2 баласы. Бирок ЗАГС кыркыла элек. Байкем аны кырктырбай туруп үйлөнө берсе болобу? Же сот аркылуу ажырашып анан үйлөнүш керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2021, 11:13

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Биринчи сурооңуз боюнча айта кетсем, практикабызда жубайлар иш жүзүндө ажырашып кетишкенден кийин никелешүү жөнүндөгү күбөлүктөрүн кырктырышпай эле башка турмуш куруп кеткен фактылары бар. Эгер бүгүнкү күндө байкеңиз менен жеңеңиз чогуу жашабаса жана мындан ары үй-бүлө болуп жашоого мүмкүн эмес болсо, анда башка турмуш курууга болот.

Бирок, алар жаны турмуш курган инсандары менен никелешүү жөнүндө күбөлүк алалбайт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексинин 26-беренесинин 2-бөлүгүндө “Никени бузуу жөнүндө күбөлүктү кимисинин болбосун жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынан алганга чейин жубайлардын жаңы никеге турууга укуксуз” деп көрсөтүлгөн. Демек, бул беренеге караганда жаңы никеге турууга укуксуз жана мындай талап туура деп эсептейбиз. Анткени, никелерин башынан мыйзамдаштырган жубайларга мыйзам чегинде укук жана милдеттер жүктөтүлөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт