// //

Кызым бизге кошулуп тамактанбайт. Эмне кылсам болот?

2021.07.19, 10:41
1093

Мен психолог Виталийден сурагым келди. Менин бир кызым бар, ал 18 жашта. Ал сулуу, узун бойлуу, акылдуу. Университетте 2-курста окуйт. Бирок, ар дайым жалгыз жүрөт. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Кээде гана курсташтары жардам сураса, жардам берип коет. Эжесине дагы кээде гана балдарын каралашып коет. Калган убактарда ата-энеси менен тамактанбайт. Биз тамак жесек, ал тамак жегим келбейт дейт, андан кийин бөлмөсүндө тамактанат. Ар дайым өзүнө нааразы:  семизмин, килейгенмин,, сулуу эмесмин ж.б. Чынында ал абдан сулуу. Кантип жардам берсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2021, 10:46

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен!

Бул жерде сиз бир гана нерсе кыла аласыз. Кызыңыз менен өзүңүздүн ичиңизде болуп жаткан сезимдериңизди бөлүшүңүз. Ал өзгөрүүнү каалайбы, кандайдыр бир жардамга муктажбы сураңыз. Кызыңызга өзүнө болгон баасы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечкен адис издөө сунушун дагы айтып көрсөңүз болот. 

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт