Төрөттөн кийин этек кир келбесе дары ичиш керекпи?
2021.07.16, 11:26
1755
Саламатсызбы! Мен төрөгөнүмө 9 ай болду, этек кирим келбей жатат. Бул норма элеби же же дары ичип келтиришим керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2021, 11:32
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Төрөттөн кийинки аменорея (айыздын келбей калышы) толугу менен нормалдуу көрүнүш. Бул ар бир аялда болот жана индивидуалдуу. Кимдир бирөөнүн этек кири 1-2 жылдан кийин, баласын эмчектен чыгаргандан кийин келет. Бир нерсени айта кетүү керек, балаңызды эмизүүнү токтоткондон кийин бир же бир жарым айдан кийин айызыңыз келбесе кооптонуу керек. Анда бул дарыгерге көрүнүүгө негиз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп