Өз курагынан жаш көрүнгүсү келгендер үчүн 10 кеңеш
2021.07.15, 11:27
2411
Салама достор! Бүгүн силер менен алгачкы бырыштарды алдын алууга жардам берген 10 пайдалуу адаттарды карап чыгабыз. Кеттик анда!
- Сергек жашоо образын жүргүзүңүз. Туура тамактанып, көп кыймылдаңыз. Стресстен алыс болуп, уйкуңузду кандырганга аракет кылыңыз.
- Гормондоруңузду көзөмөлдөп туруңуз. Жылына бир жолу гинеколог-эндокринологго барганды адат кылып алыңыз.
- Териңизге кам көрүңүз. Эртең менен жана кечинде сөзсүз жууп тазалап, атайын кремдерди сүйкөңүз. Бул үчүн алгач косметологго кайрылып кеңеш алыңыз.
- Косметиканы массаж сызыкчалары аркылуу сүйкөңүз. Бул терини чоюлуп калуусунан сактайт.
- Көбүрөөк суу ичиңиз. Териге нымдуулук жетишпесе дагы бырыштар түшө баштайт.
- Күнгө күйүүдөн мурун күндөн коргоочу каражаттарды сүйкөнүңүз.
- Териңизди туруксуз аба ырайынан коргоңуз – сууктан, шамалдан, ысыктан ж.б.
- Ар дайым көздүн айланасына сүртүүчү каражаттарды колдонуңуз.
- Мимикаларыңызга көз салыңыз.
- Жүзүңүзгө атайын гимнастикаларды, массаждарды жасап туруңуз. Бул беттин булчуңдарын чыңалтып, тьерини камсыздандырып, кан айланеууну жакшыртат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.