Магистратурага канча жашка чейин тапшырса болот?
2021.07.14, 16:25
1539
Саламатсыңарбы! Магистратурага канча жашка чейин тапшырса болот? Менин жашым бир топтон өтүп калган. Билим алайын дегем. Бакалаврды бүткөм. Бирок, университтер мени кабыл алабы же жокпу билбей жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.07.2021, 16:25
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча кесиптик билим берүү уюмдарында билим берүү жаш курагына карап чектелбейт. Эгер дипломуңуз бар болсо жана ал магистратурага тапшырууга мүмкүндүк берсе, анда каалаган куракта тапшырсаңыз болот. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп