Москвадан паспортумду жоготуп алдым. Эмне кылсам болот?
2021.07.14, 12:13
1234
Саламатсызбы! Москвадан паспортумду жоготуп алдым. Эмне кылсам болот? Кайда кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.07.2021, 12:14
Дамира Азимбаева
Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси
Саламатсызбы! Россиядагы КРнын жарандары жоготуп алган жарандык паспорттун калыбына келтирүү үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому (кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн):
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк;
- Эгерде паспорттун көчүрмөсү болсо аны сөссүз алып алышы керек;
- Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоосу.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп