// //

Төрөттөн кийин этек кир качан токтойт?

2021.07.12, 11:17
1371

Саламатсызбы! Менин төрөгөнүмө 1 ай 20 күн болду. Этек кирим токтой элек.  Ден соолугума кооптуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.07.2021, 11:17

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Төрөттөн кийин кан аралашкан суюктук бир айдын ичинде токтошу керек, ал эми "мажущие выделения" максимум 40 күнгө чейин созулушу ыктымал. Адатта, төрөттөн кийин 2-3 жума көп эмес, орточо өлчөмдө кан келет. Андан кийин азайып, кээде күнүмдүк прокладкаларды эле колдонуу жетиштүү болуп калат.

Эгерде сизде айдын аягында кан аралашкан суюктуктун келиши көп байкалса, анда жатындын ичинде плацентардык ткандардын калдыктары бар. Ошондой эле эндометриянын плацентардык полиптери пайда болот дегенди билдирет. Бул төрөттөн кийинки татаалдашуу. Андыктан, күтпөңүз, тезинен кайда көз жарсаңыз, ошол төрөт үйүнө кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт