Стипендиялык программалар: Японияда акысыз магистратура
2019.02.04, 11:50
2373
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн толугу менен каржыланган англис тилиндеги программа.
SPCEA (Special Program for Central Asia) Борбор Азиянын туруктуу өнүгүү максаттарын изилдөө боюнча жарым жылдык магистрлик программасын баштады.
Студенттер англис тилинде билим алып жатып, япон тили боюнча акысыз курска барат.
Программанын бүтүрүүчүлөрү илимий-изилдөө мекемелеринен, БУУдан, мамлекеттик органдардан жана юридикалык сектордон жумуш таба алат.
Мыкты студенттерге 117 000 йен (74 954 сом) өлчөмүндөгү айлык стипендия берилет.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү - 15-март, 2019-жыл. Толук маалымат программанын сайтында.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.