Тилим кургап шилекейим чыкпай калды. Терапевт кеңеш берет
Тилдин кургап шилекейдин жок болуп кетүүсү эмнеден болот? Кантип дарылайм?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Саламатсызбы! Так диагноз коюу үчүн сөзсүз түрдө стоматолог же терапевтке кайрылышыңыз керек.
Качантан бери шилекейиңиз чыкпай калды? Эмнеден кийин чыкпай калды? Тамак сиңирүү функцияңыз кандай иштейт? Тамакты аз жейсизби же көп жейсизби? Кандай тамактарды жейсиз? Жакын арада стоматологго кайрылдыңыз беле? Жаңы тиш салдырдыңызбы? Ушул сыяктуу суроолорго жооп алгандан кийин эмне себептен андай болуп жатканын айтмакмын.
Шилекейдин аз бөлүнүн чыгышына төмөнкү факторлор себеп болушу мүмкүн:
- Рационуңузда ооз көңдөйүң кургатуучу тамактар бар.
- Тамакты аз жейсиз. Тамакты аз жесе шилекей без аз бөлүнүп чыгат.
- Тиш салдыргандырсыз.
- Ооз көңдөйүңдө кандайдыр бир сезгенүүлөр бар.
- Операция болуп шилекей безине таасир тийген.
- Гормондордун өзгөрүүсү. ж.б
Ошондуктан комплекстүү көзөмөлдөн өтүшүңүз керек. Сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылууну сунуштайм.
Ден соолукта болуңуз!
Терапевт, психолог Асель Сыдыкбекова менен инстаграмдагы @asel_theta баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.